Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:57

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат


Алмамбет Шыкмаматов.

Бишкектин Биринчи Vай райондук соту бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин кароону улантат.

25-июлдагы акыркы жараянда Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакупбекова келбей калгандыктан, териштирүү бүгүнкүгө которулган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон.Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш автоунаанын арасында депутаттын жубайына катталган, баасы ашыкча жогорулатылган деп шектелген автоунаа болгону жарыяланган. "Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү муну саясий куугунтук катары баалап келет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG