Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Вашингтон: Скарамуччи 10 күндөн кийин кызматынан кетти


Энтони Скарамуччи. 21.7.2017.
Энтони Скарамуччи. 21.7.2017.

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Энтони Скарамуччини кызматтан алганы расмий билдирилди.

«Ал жаңы аппарат башчысы Жон Келлиге бардыгын ак барактан баштап, жеке командасын түзүүсү үчүн мүмкүндүк берүүнү туура көрдү», - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Энтони Скарамуччи бул орунга 21-июлда дайындалган. Мындан аз өтпөй эле ал Ак үйдүн мурдагы аппарат башчысы Рейнс Прибус менен президенттин кеңешчиси Стив Беннонду кескин сынга алып, Ак үйдө пикир келишпестиктер келип чыккан.

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы маалымат катчысы Шон Спайсер президент Трамп финансист Энтони Скарамуччини коомчулук менен байланыш бөлүмүнө башчы кылып дайындагандан соң, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. "Нью Йорк Таймс" басылмасынын айтымында, Скарамуччинин бул кызматка дайындалышын Спайсер мырза "жаңылыштык" катары кабыл алган.

XS
SM
MD
LG