Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Венесуэлада оппозиция лидерлери камакка алынды


Венесуэладагы кагылыш
Венесуэладагы кагылыш

Венесуэланын атайын кызматы 1-августта үй камагында жаткан оппозициядагы лидерлер Леопольдо Лопес менен Антонио Ледесманы кармап кетишкенин алардын туугандары билдиришти.

30-июлда каршылык акциялары жана эл аралык коомчулуктун басымына карабай өлкө бийлиги "Конституциялык ассамблея" деп аталган органга шайлоо өткөргөн. Шайлоо учурундагы кагылышууларда кеминде он киши өлгөн. Бийликчил адамдар шайланган ассамблея Конституцияны өзгөртүп, парламентти тарата алат.

Учурда парламентте көпчүлүктү түзгөн оппозиция бул шайлоону тааныган эмес. Алар президент муну менен парламентти кыйгап өтүп, бийлигин чыңдоону көздөйт дешет.

Каатчылыкка баткан Венесуэлада жүз миңдеген адамдардын каршылык акциялары айлап созулуп, жалпысынан 120 адамдын өмүрүн алды. Алар өлкө президенти Николас Мадуронун отставкасын талап кылып жатышат.

Мадурону "диктатор" атап, ага 31-июлда АКШ санкция салды. Венесуэладагы демократиянын келечегине Евробиримдик да тынчсыздануусун билдирип, оппозиция лидерлеринин камалышын туура эмес кадам деп баалады.

XS
SM
MD
LG