Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Саакашвили: АКШга таянбайм


Саакашвили видео конференция учурунда
Саакашвили видео конференция учурунда

Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили баш паанек алып Кошмо Штаттарында калып калбасын билдирди.

"Мен АКШнын же башка кайсы бир өлкөнүн коргоосун колдонбойм. Украинага кайтып барып, биздин активисттерге таянам" деди Саакашвили 1-августтагы видео-конференцияда. Ал жашырынбай, ачык келерин да кошумчалады.

Украина президенти Саакашвили 2015-жылы жарандыкка арыз тапшырып жатканда жалган маалыматтарды көрсөткөн деп жакында жарандыктан ажыраткан. Президент Порошенко эки жыл мурда аны Одессага губернаторлукка дайындап, бир жылдан кийин ортолорунда пикир келишпестиктер чыккан. Саакашвили Порошенкону коррупцияга айыптап келет.

Михаил Саакашвили мурда Грузия жарандыгынан да чыгарылган.

XS
SM
MD
LG