Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:58

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровго өкүм чыгат.

Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сураган. Адвокаттар прокуратура "эч кандай далил жок катаал жаза сурап жатат" деп айтууда.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

31-июлда Жапаровдун тарапкерлери аны бошотууну талап кылган нааразылык акциясына чыгышты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG