Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камакка алынган Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдун ишин карайт. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаттары билдиришти.
Буга чейин мамлекеттик айыптоо Талгарбеков менен Колубаевге 18 жыл, Гусев, Калматов, Марат Султановго 16 жыл жаза мөөнөтүн сурап, жарыш сөз болгон.
Биринчи Май райондук соту быйыл 17-апрелде бул беш адамдан тышкары жогоркудай кине коюлган оппозициячылар Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Ишти сот жабык карап жатат.
“Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын жогоруда аты аталган мүчөлөрүн "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган. (NT)