Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Биринчи май райондук соту экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ишин карайт


Райкан Төлөгөнов.
Райкан Төлөгөнов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ишин карайт. 2-августтагы жараянда талап-тоноочулук боюнча беш жыл мурда соттолуп, № 47 колонияда кармалып жаткан Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов ооруп калганына байланыштуу келген жок деген жүйө менен сот териштирүүнү бүгүнкүгө которгон. Муса Төлөгөнов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө бермек. Жараянда күбөлөрдү суроо уланууда.

"Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

Учурда Төлөгөнов УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG