Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Орусияда өзбекстандык журналист өз жанын кыюуга аракеттенди


Али Феруз.
Али Феруз.

Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын кабарчысы, Али Феруз деген лакап ат менен макала жазган журналист Худоберди Нурматов өз жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу аталган гезит журналисттин адвокаты Даниил Хаймовичке шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда, Али Феруз сот имаратында депортация боюнча токтомдун көчүрмөсүн күтүп жатканда “Өзбекстанга баргандан көрө өлгөнүм артык” деп айтып, өз өмүрүнө кол салуу аракетин көргөн.

Аны Сахароводогу атайын кабыл алуу жайына жеткиришкен.

Москванын Басман райондук соту 1-августта Али Ферузду мажбурлоо менен Орусиянын аймагынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Журналистке 5 миң рубль өлчөмүндө айып салынган. Сот Феруз чет элдик жарандардын Орусияда жүрүү тартибин бузду деп тапкан эле. Буга чейин полиция анын орус жергесинде 2011-жылдан бери мыйзамсыз жүргөнүн маалымдаган.

Али Феруз Өзбекстандан сегиз жыл мурун чыгып кеткен. Буга атайын кызматтар кызматташууга мажбурлаганы себеп экенин айткан. Июндун башында орус бийлиги ага убактылуу башпаанек берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Феруз Өзбекстанда өзүнө террордук уюмдар менен кызматташкан деген айып тагылышы мүмкүн деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG