Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 2-августта он алты жаштагы өспүрүм денесинен көптөгөн жараат алып Балыкчы шаардык ооруканасына түшкөн.
Териштирүү учурунда ал көлдөн үйүнө кайтып келе жатканда бейтааныш үч адам себепсиз сабап, качып кетишкенин милицияга айтып берген. Жабырлануучунун энеси эч кандай доосу жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тарткан.
Балыкчы шаардык милициясынын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козгоду. Шектүүлөрдү издөө уланууда. (NT)