Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Тарых музейинин ичин Кыргызстан Түркиясыз өзү оңдомой болду


Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин кайра оңдоп чыгуу (реконструкциялоо) милдетин мурдараак өзүнө толук алган Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (ТИКА, TİKA) музей имаратынын сыртын, маңдайкы бетин гана жасап бермей болду.

Кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн макулдашуусу аркылуу долбоорду ишке ашырып жаткан ТИКА уюму эми расмий Бишкек менен ушундайча келишти. Мындай өзгөрүүнү ТИКА оңдоо иштеринин тыгыз жадыбалы боюнча кыргыз тарап менен макулдаша албай калгандыгы менен түшүндүрдү.

Көз карандысыз серепчилер бул соңку өзгөрүүнү кыргыз-түрк алакаларынын акыркы кездери салкындап калышынан көрүп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында кыргыз-түрк мамилеси, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген. Өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирген болчу. (KE)

XS
SM
MD
LG