Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

«Электр станциялары» Кыргызстан-Liglass келишимин кубаттады


Иллюстрация
Иллюстрация

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчилиги Кыргызстанда ГЭС кура турган болуп жаткан чехиялык компания менен инвестициялык макулдашууга байланыштуу бардык тиешелүү документтерге кол коюшу керек. Ишкананын акционерлери бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, ушундай чечим кабыл алышканын маалымат кызматы кабарлады.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG