Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:30

Москванын Симонов соту оппозициячы Алексей Навальныйды митинг өткөрүү шартын бузду деп таап, 300 миң рубль айыпка жыкты.

Буга чейин анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волковго 300 миң, Москвадагы штабынын башчысы Николай Ляскинге 250 миң рубль айыппул салынган.

8-9-июлда Навальныйдын "Үгүт ишембилиги" аттуу иш-чарасы учурунда 200гө чамалуу активист кармалган. Алар оппозициячы тууралуу баракчаларды таратып, шарларды кармап жүрүшкөн болчу.

Навальный, Волков жана Ляскин 26-мартта, 12-июнда митинг өткөрүү эрежелерин бузду делип административдик камакта отуруп чыгышкан. Ал күндөрү Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык жана антиөкмөттүк нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG