Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кыргыз таэквондочулары Азия чемпиондугунда 10 алтын утушту


Максат Нарынбай уулу. 3-август, 2017-ж. Инчхон. Түштүк Корея.
Максат Нарынбай уулу. 3-август, 2017-ж. Инчхон. Түштүк Корея.

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында Таэквондо ITF боюнча өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 10 алтын, төрт күмүш жана сегиз коло байге алышты.

Кыргызстандын командасынын өкүлү Максат Нарынбай уулунун айтымында, мелдеш 3-августтан 5-августка чейин өттү. Ага 15 мамлекеттен 700гө жакын спортчу катышты. Байгелер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында ойнотулду. Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоду. Айрымдарына багытына жараша эки-үчтөн медаль берилди.

Алтын байге ээлери:

Теңиз Валиев (45 кг. 10-11 жаш), Исханкерим Абыл уулу (55 кг. 12-13 жаш), Эрбол Тургунбеков (45 кг. 12-14 жаш), Анастасия Хегай (45 кг.), Олег Ким (55 кг.), Билимбек Жумабеков (50 кг.), Алтынай Рыскулова (50 кг.), Максат Нарынбай уулу (70 кг.) алды.

Андан тышкары, командалык эсепте да Кыргызстанга эки алтын ыйгарылды. (ECh)

XS
SM
MD
LG