Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

Якутиядагы кенчилер табыла элек


Якутиянын Мирный шаарында жер алдында, суу каптаган кенде калып кеткен сегиз шахтерду издөө иштери уланууда. Азырынча эч кандай жыйынтык жок экенин ТАСС агенттиги кенди иштеткен "Алрос" ишканасынын басма сөз кызматына таянып билдирди.

Аталган ишканага таандык алмаз кенине 4-августта түштөн кийин суу толо баштаган. Ал кезде жер астында 151 жумушчу болгон. Өзгөчө кырдаал жарыяланып, 142 адам куткарылган. Тогуз киши кен ичинде калып кетип, 5-августта алардын бири 410 метр тереңдиктен чыгарылган.

XS
SM
MD
LG