Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Шайлоо-2017: Келдибеков, Мадумаров, Ташиев жана Төрөбаев бирикти


Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев
Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев

Кыргызстанда төрт саясатчы президенттик шайлоо алдында биригип, бул жараянга бирдиктүү саясий күч катары катышууну чечишти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.

Мадумаров менен кошо “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын теңтөрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев 6-августтун кечинде жолугуп, келишим кабыл алышты. Анда жаңы партия түзүү жана бирдиктүү талапкерди колдоо тууралуу айтылат.

Анда “Биз чечкиндүү түрдө ушул күндөн баштап өлкөдөгү боло турган бардык саясий иш-чараларда бирдиктүү саясий күч катары катышабыз жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоодо бир талапкерди колдойбуз. Ошондой эле биз кызыкдар болгон бардык тараптар менен кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз” деп айтылат.

Келдибековдун кеңешчиси Шайырбек Маматокторовдун белгилешинче, бирдиктүү талапкердин аты азырынча атала элек:

- Бир адамды чыгарып, атын атоого азырынча эрте. Өйдө жакта биригүү башталды, азыр эми ортоңку, ылдыйкы звено бар. Ар кимдин өзүнүн штабдары бар...

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 60ка жакын жаран билдирген. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG