Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Балкан өлкөлөрү Хорватияга ультиматум койду


Балкан өлкөлөрүнүн картасы
Балкан өлкөлөрүнүн картасы

Төрт Балкан өлкөсү Хорватия бийликтеринин жашылча-жемиштерди киргизүүгө бажы төлөмдөрүн көтөрүү чечимине каршы чыгып, жооп чараларды кабыл аларын убада кылды. Босния жана Герцеговина, Македония, Черногория жана Сербия өлкөлөрүнүн ультиматуму Босния борбору Сараеводогу расмий бийликтердин жолугушуусунан кийин жылдырылды.

Сербиянын соода министри Расим Ляич кабарлагандай, Хорватия апта аягына чейин мурдагы бажы төлөмдөрүнө кайтпаса, алар чараларын дагы күчөтөт. Төрт Балкан өлкөсү коңшу өлкөнүн бул аракетин Европа биримдигинин кирердеги макулдашууларды бузат деп эсептөөдө.

Хорватия бийликтери алар киргизген бажы төлөмдөрү ЕБге кирбеген 168 өлкөгө гана тийиштүү жана коңшу балкан өлкөлөрүнө зыянын тийгизбейт деп ишенет. Алар бул мерчем өлкөгө киргизилген товарлардын сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынды деп билдирүүдө. Хорватияга жашылча-жемишти негизинен Балкан өлкөлөрү жеткирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG