Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

"Реал Мадрид" менен "Юнайтед" Супер кубок үчүн беттешет


Скопьедеги футбол күйөрмандары
Скопьедеги футбол күйөрмандары

Бүгүн испаниялык "Реал Мадрид" футбол клубу менен англиялык "Манчестер Юнайтед" УЭФАнын Супер кубогу үчүн Македониянын Скопье шаарында беттешет. Македон бийлиги билдиргендей, Борбордук Европанын сааты боюнча 8:45те "Филип 2" стадионунда (Бишкек убактысы - 00:45) өтө турган оюн маалында 2 миңдей полиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат.

Жыл сайын Супер кубок үчүн Чемпиондор лигасы менен Европа лигасынын жеңүүчүлөрү беттешет. "Реал Мадриддин" тренери Зинадин Зидан салыктан качты деген айыптарга кабылган футболчу Криштиану Роналду бүгүнкү оюнга чыгарын ишара кылды.

"Манчестер Юнайтеддин" азыркы тренери Жозе Моуринью кезинде "Реал Мадрид" клубун да машыктырган.

XS
SM
MD
LG