Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Пакистанда рейд учурунда төрт офицер мерт болду


Пакистан
Пакистан

Пакистандын уруулар жашаган чөлкөмүндөгү рейд учурунда армиянын майору жана дагы үч офицер мерт болду. Дагы тогуз аскер кызматкери жараат алган.

Армиянын маалымдашынча, окуя 9-августта Төмөнкү Дир чөлкөмүндө болгон. Андагы үйлөрдүн бирине жашырынган жоочулар каршылык көрсөтүп, атышуу болгон. Бир жоочу өзүн өзү жардырып жиберген. Бирөө өлтүрүлүп, дагы бири колго түшкөн.

Ушу тапта армия өлкөнүн түндүк-батышында Ооганстанга да, Пакистанга да чабуул коюп аткан козголоңчуларды тазалоо үчүн рейд өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG