Кытайдын түштүк-батыш аймагында 9-августка оогон түнү жер титиреп, андан кеминде тогуз адам өлдү. Дагы 135 адам жаракат алышканы расмий кабарланды. Набыт кеткендердин алтоо туристтер, азырынча алардын жарандыгы тактала элек.
АКШ геология кызматынын маалыматына караганда, 6,5 баллга жеткен зилзала очогу Сычуань провинциясынын Цзючжайгоу туристтик жайына жакын жерде болгон. Андан бир нече сааттан кийин дагы ошончо кубаттагы силкинүү Кытай-Казакстан чек арасына жакын жерде катталган.
Биринчи зилзала аймагынан 31,5 миң турист коопсуз жайга чыгарылганын "Синьхуа" маалымат агенттиги маалымдады.
Жердин силкинүүсү Кыргызстанда да сезилген.