Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Иран Тажикстандын айыптоосун расмий четке какты


Тажикстандагы Иран элчилиги Тегерандын дарегине айтылган айыптоолорду расмий түрдө четке какты.

“Жарандык согуш маалындагы чуулгандуу киши өлтүрүүлөрдүн негизги уюштуруучусу жана демөөрчүсү катары Иранды айыптоо – өтө күмөндүү” – деп айтылат дипөкүлчүлүк тараткан маалыматта.

Билдирүүдө даректүү тасма соттолгон кишилердин көрсөтмөлөрүнө жана көзү өтүп кеткен адамдардын билдирүүлөрүнө негизделип даярдалганы жана бул чындыкка коошпой турганы кошумчаланган.

Элчиликтин пикиринде, тажик ИИМи даярдаган тасма эки элдин кызыкчылыгына каршы келет. "Тасманын авторлору көздөгөн максаттарына жетпейт" деп эсептейт элчилик.

8-августа Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары 45 мүнөттүк даректүү тасма көрсөткөн. Анда 90-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаган, алар тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын жеке тапшырмасы менен белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган.

XS
SM
MD
LG