Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Расмий Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык жаңжал тутанды.

Иран Тажикстандан 8-августта бардык мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлгөн чуулгандуу документалдык тасма боюнча түшүндүрмө талап кылып жатат.

Тасмада 90-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаган, алар тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын жеке тапшырмасы менен белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган.

Айрым байкоочулар муну оппозицияга карата чабуулдун уландысы катары сыпаттап жатат.

Тасмада аты аталган генерал Абдухалим Назарзода мындан эки жыл мурун атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Бийлик аны мамлекетке каршы кутум уюштурган деп айыптаган.

45 мүнөттүк даректүү тасма Ички иштер министрлигинин документтеринин негизинде даярдалган. Коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын камактагы тарапкерлери - Тагоймурод Ашрапов, Абдукодир Абдуллоев жана Саймухриддин Кудратовдун милициядагы көрсөтмөсү колдонулган. Алар 90-жылдары Ирандагы Кум, Гурган, Мешхед жана Тегеран шаарларындагы машыгуу лагерлеринде атайын согуштук даярдыктан өтүшкөнүн, иран паспортторун ошол жактан алышканын айтышкан.

Тасмадан алар генерал Абдухалим Назарзоданын тапшырмасы менен бир катар белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, окумуштууларды өлтүргөнүн мойнуна алып жатканын көрүүгө болот. Аты аталган адамдардын арасында парламенттин мурунку спикери Сафарали Кенжаев, журналист жана саясатчы Отахон Латиф, окумуштуулар Мухаммад Осимин, Юсуф Исхак, Минхожа Гүлямов, президенттин мурунку мамлекеттик кеңешчиси Карим Юлдошов, жазуучу Сайф Рахим Афарди жана мурунку муфтий Фатхуллохон бар.

Мисалы Тагоймурод Ашрапов ("Али") Иранга атайын машыгууга 1995-жылы барганын, эки жылдан кийин Тажикстанга кайтып келгенин, бир катар белгилүү адамдарды өлтүрүү боюнча тапшырма алганын айтып берген:

- Биз экс-спикер Сафарали Кенжаевди өлтүргөндөн кийин Абдухалим Назарзода ар бирибизге эки миң доллардан төлөп берген. Бизге коомдо чыңалууну күчөтүүнү, анын айынан бийликке болгон жек көрүүнү жаратууну тапшырышкан.

Сурак бергендер оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясына мүчө болгонуна өкүнөрүн билдиришкен.

Бул көрсөтмө качан, кандай жагдайда жаздырылып алынганы азырынча белгисиз. Камактагылардын жактоочулары, тууган-жакындары азырынча комментарий бере элек.

Бул чуулгандуу даректүү тасмада анын авторлору Ислам кайра жаралуу партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабирини "Ирандын кошоматчы жан-жөкөрү" деп аташкан.

Дүйшөмбүдөгү Ирандын элчилигинин өкүлү 9-августта "Азаттыктын" тажик кызматына чуулгандуу тасма боюнча учкай комментарий берип, бул боюнча тажик бийликтеринен түшүндүрмө талап кылынарын айтты:

- Азыр элчи Тажикстанда эмес, бирок элчиликтин жетекчилери жакынкы убакта бул тасманы талкуулайт. Биз андагы жалган маалыматтар жана анын булактары кайдан алынганын аныкташыбыз керек.

Генерал Абдухалим Назарзода 1990-жылдары жарандык согуш маалында талаа командирлеринин бири болгон. 1997-жылы Бириккен оппозиция президент Эмомали Рахмон баштаган бийлик менен тынчтык келишимин түзгөндө Назарзода оппозициянын өкүлү катары өкмөткө келген.

Абдухалим Назарзода.
Абдухалим Назарзода.

Ал коргоо министринин орун басары болуп 2014-жылдын башында дайындалып, 1,5 жылга жетип-жетпей иштен алынган. Бийлик Абдухалим Назарзоданы мамлекетка каршы кутум даярдаган, ага оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлери көмөктөшкөн деп айыптаган. Назарзода 2015-жылдын күзүндө атайын операция маалында жок кылынган.

Тажикстанда бийлик менен оппозициянын тиреши негизи ошол жылы күчөгөн эле. Өлкөнүн Жогорку Соту Ислам кайра жаралуу партиясын "террорчу уюм" деп тапкан жана ишине тыюу салган, партиянын ондогон мүчөсү камакка алынган.

Иран Советтер союзу кыйрагандан кийин Тажикстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган өлкө. Жарандык согуш маалында тараптарды далай жолу тынчтыкка чакырган жана 1994-жылы тажик өкмөтү менен Бириккен тажик оппозициясы Тегеранда жолугуп, согушту токтотуу боюнча макулдашууга кол койгон.

Ушул тушта тажик-иран алака-катышы мурда болуп көрбөгөндөй солгундап кеткени айтылат. Мындай мамиле 2013-жылы Иранда миллиардер Бабак Занжани кармалгандан кийин башталган. Расмий Тегеран бул олигархты мамлекеттик компаниялардын мунайын чет өлкөгө саткан жана түшкөн кирешени кайтарган эмес деп айыптаган жана былтыр март айында өлүм жазасына кескен.

Занжанинин бизнесинин бир бөлүгү Тажикстан менен да байланыштуу болгон жана ал тажик экономикасына жалпысынан эки миллиард доллар инвестиция салган деп маалымдалган.

Тажик-Иран мамилесинин начарлашына 2015-жылы Ислам кайра жаралуу партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабиринин Тегерандагы эл аралык жыйынга чакырылышы да негиз болгон.

Мухиддин Кабири.
Мухиддин Кабири.

Мындан көп өтпөй расмий Дүйшөмбү иран товарларын алып кирүүгө чектөө киргизген, ирандык бир катар чакан жана орто фирмалар жабылган. Ирандыктарга жеңилдетилген шартта виза берүү токтогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG