Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Тажикстан: мунапыска саясий айыпкерлер илинген жок


Мунапыска илингендерди жакындары тосуп алышты
Мунапыска илингендерди жакындары тосуп алышты

Тажикстанда Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу абактагыларга мунапыс берилди. "Мунапыс жөнүндө" мыйзамды парламентке өткөн жумада президент сунуштап, кабыл алынган. Ага ылайык, абактагы 12 миң кишинин жаза мөөнөтү кыскартылып, 3 миңи бошотулат. Эркиндикке чыкчулар арасында эркек-аялдардан тышкары өспүрүмдөр да бар.

Бирок мунапыска саясий жүйө менен кармалды делген саясатчылар илинбегенин "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Хиромон Бакозодадан уктук.

Өткөн жылдын 4-сентябрында Тажикстанда коргоо министринин орун басары Абдухалимом Назарзода төңкөрүш жасоого аракет кылган деп, кийинчерээк атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Ошондон кийин анын тилектештери делип, 200дүн тегерегинде адам кармалган. Журналист Бакозода алардын көбү жана өлкөдөгү оппозициялык партия саясий жүйөнүн курмандыгы болгонун эскерет:

- Бул адамдардын баары ачыктан-ачык саясий мазмундагы - өткөн жылдагы төңкөрүш аракетине кириптер болгон деп камалышты. Андан кийин өлкөдөгү эң ири оппозициялык Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясын жабышкан. Бул эле эмес, буга чейин деле реформаларга чакырып келген саясий ишмерлерге байланышкан чуулуу сот иштери болгон. Алар ачыктан-ачык саясий негизде алдамчылык, көп аялдуулук деген беренелер жабыштырылып, айрымдары бир нече кылмыш боюнча кармалышкан. Мындай мунапыстар белгилүү саясий ишмерлерге берилген эмес.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон мурдараак адам өлтүргөндөр, конституциялык түзүлүш, өлкө коопсуздугуна каршы кылмыш кылгандар жана террорчулук, экстремизм боюнча соттолгондор мунапыска илинбей турганын билдирген. Бирок саясий айыпкерлерге дал ушул оор беренелер тагыларын тажикстандык журналист белгиледи:

- Тилекке каршы күн сайын жаңылыктар менен иштеген, маалыматка эгедер журналисттер оппозиция өкүлдөрү көп учурда экстремизм, бийликти басып алуу чакырыгы деген беренелер боюнча соттолуп жатат деген жыйынтыкка келишти. Ал эми эл аралык уюмдар саясий негизде кармалгандарды бошотууга чакырып эле келатышат. Тилекке каршы акыркы жылдары тажик бийлиги аларды укпай койгонду үйрөндү.

Тажикстанда акыркы жолу 2014-жылы өлкөнүн Конституциясы кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берилген. Буга 10 миңден ашуун камактагы жана издөөдөгү жарандар илинген.

XS
SM
MD
LG