Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Тажикстан: Назаров улут баатырына айланды


Олимпиада чемпиону Дилшод Назаров
Олимпиада чемпиону Дилшод Назаров

Риодогу Олимп оюндарында спорттун салмоор таш ыргытуу (метание молота) түрү боюнча алтын медал алган Дилшод Назаровго Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 300 миң сомони ( 40 миң доллар) жана 1-даражадагы “Шараф” орденин тапшырды.

Эгемен Тажикстандын тарыхында өлкөсүнө биринчи алтын медалды утуп берген 33 жаштагы Дилшод Назаровду жүздөгөн мекендештери Душанбенин аэропортунда кубануу менен тосуп алышты. Чогулгандар аны “баатыр, улуттун сыймыгы” деп даңктап жатышты.

Спортчуну күйөрмандарынан тышкары ондогон аткаминерлер, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы, президенттин уулу Рустам Эмомали, президенттин кеңешчиси Абдуджаббор Рахмонзода да тосуп алышты. Чемпионду аэропорттон түз эле президент менен жолугушууга алып жөнөштү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан белгилүү болгондой, президент спортчуга бийик жетишкендиктери үчүн жана өлкөнүн аброюн эл аралык аренада көтөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Назаровдун алтын медалы эгемен Тажикстандын тарыхындагы уникалдуу окуя экенин баса белгиледи. Эмомали Рахмон чемпионго 300 миң сомони, болжол менен 40 миң доллар акчалай сыйлык жана 1-даражадагы “Шараф” (Даңк) орденин тапшырды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Олимпиада чемпиону Дилшод Назаров.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Олимпиада чемпиону Дилшод Назаров.

Спорттун салмоор таш ыргытуу боюнча түрүнөн Риодо өткөн жайкы Олимп оюндарында алтын уткан Дилшоддун жеңишине тажикстандыктар бир аптадан бери жетине албай жатышат. Социалдык тармактарда коңшулар бири-бирин куттуктап, ал эми айрым акын-композиторлор ага арнап ыр да чыгарып жиберишти. Тажикстандык ырчы жана обончу Иззат Шарифи анын урматына арнап ошол эле түнү ыр чыгарган. Аны Манучехр Фаридун аттуу ырчы аткарды.

Бул Назаровдун жеңишине арналып чыгарылган алгачкы ыр. Кийинчерээк акындар Рустами Вахоб, Озар жана Исфандиери Назар да алтын медалдын ээсине арнап ыр жаратышканын билдиришти.

20-августта Риодогу Олим оюндарында спортчу салмоор ташты 78,68 метрлик аралыкка ыргытып, жогорку көрсөткүчкө ээ болду. "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде Назаров Бразилияга медал үчүн барганын айтты:

- Ооба, мен Риого медал алам деп үмүттөнүп келгем. Бирок бир да спортчу мен так алам деп айта албайт. Анткени бул спорт, мен-мен деген спортчулар ар кандай себептерден, стресттен улам утулуп калганын көрүп жүрөбүз. Ошентсе да үмүт бар болчу. Даярдыгым жакшы болчу. Негизинен соңку машыгууларым Чехияда өттү. Мени машыктыруучум чехиялык Владимир Машко ошол жактан таптады. Акыркы машыгууларда абдан жакшы көрсөткүчтөргө жетише баштадым, ошондо гана медалга үмүттөнө баштадык.

Дилшод Назаровдун алтыны Тажикстандын капчыгындагы 24 жыл ичиндеги төртүнчү медал болуп калды. Алгачкы колону Бээжиндеги оюндарда дзюдочу Расул Бокиев алган. Ошол эле Олимпиадада 84 килограммга чейинки салмакта Юсуф Абдусаломов күмүшкө татыган. Ал эми дагы бир колону Лондондогу 30-Олимп оюндарында 60 килограммга чейинки кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча таймашта Мавзуна Чориева уткан.

Бул Дилшод Назаровдун төртүнчү олимпиадасы. 2004-жылы Грецияда өткөн оюндарда ал эч кандай орунга ээ болгон эмес, Бээжин Олимпиадасында 11 орунду алса, ал эми 2012-жылы Лондондо 10-гана орунга ээ болгон.

Назаров салмоор таш ыргытуу боюнча дүйнө чемпионатында 2015-жылы экинчи орунга татыган. Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону.

Назаров 2014-жылдын башында Тажикстандын Жаштар, спорт жана турзим комитетинин төрага орун басарлыгына шайланган. Ошондой эле спортчу өлкөнүн Жеңил атлетика боюнча федерациясынын президенти.

XS
SM
MD
LG