Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Пакистандын экс-премьери жүрүшүн улантууда


Шарифтин кербени
Шарифтин кербени

Пакистандын кызматтан четтетилген премьери Наваз Шариф борбор Исламабаддан өзүнүн туулуп-өскөн Лахор шаарына жүрүшүн 10-августта да улантты.

Шариф саясий кербенинин максатын "Мен эми Пакистан элинин бардык маселесин чече турган жол картасы үчүн күрөшөм. Мен бул жерде кызматымды жана өз өкмөтүмдү кайра кайрып алуу үчүн турган жокмун. Алга жүргүлө. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн Наваз Шарифке кошулгула" деп түшүндүрүп, чакырык жасады.

Өткөн жылы Шарифтин балдарынын офшордогу компаниялары, алар аркылуу миллиондогон долларлар өтүп турары ачыкка чыккан. Буга байланыштуу иликтөө болуп келип, Жогорку Сот аны коррупцияга айыптап 28-июлда кызматынан кетирген. Экс-премьер айыптоолорду четке кагууда.

9-августта башталган жүрүш коопсуздук катуу көзөмөлдөнгөн шартта өтүүдө. Маалыматтарга караганда, ага 30 миңдей киши катышууда.

XS
SM
MD
LG