Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Пакистан: Наваз Шариф күчүн көрсөттү


Наваз Шарифтин жактоочулары.
Наваз Шарифтин жактоочулары.

Пакистандын жакында кызматтан кетирилген премьер-министри Наваз Шариф 9-августта Раванпилди шаарында тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, Жогорку Сот өз чечим менен “шайлоочуларга акаарат келтирди” деп билдирди.

9-августта башкалаа Исламабаддан Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз (PML-N) партиясынын таянычы болуп эсептелген Лахорго колдоочулары менен жүрүш баштаган Шариф өкмөт башчылыктан кеткенден кийин алгачкы жолу Жогорку Соттун чечимин калың эл алдында комментарийлерди.

Бул жүрүш аркылуу анын бийликтеги партиясы акыркы саясий өнүгүүлөргө карабай, мурдагыдай эле таасирдүү экенин көргөзүүнү көздөйт:

- Мага кызматтагы үчүнчү мөөнөтүмдү соңуна чыгарууга жол беришкен жок. Пакистанда бардык премьер-министрге мөөнөтүнүн аягына чейин турууга жолтоо кылып келишкен. Мындай жорук 70 жылдан бери уланып келатат, буга чыдоо мүмкүн эмес. Бул – шайлоочуларды сыйлабастык.

Наваз Шарифти колдоп жүрүшкө чыккандар.
Наваз Шарифти колдоп жүрүшкө чыккандар.

Шариф жолдоочуларын “мыйзам үстөмдүгүн” коргоого чакырды жана эмне себептен бир да шайланган өкмөт башчы Пакистанда кызматтык мөөнөтүн аягына чыгарган эмес деген талкуу баштоону максат кылаарын айтты:

- Пакистан элинин бардык проблемаларын чечүүгө багытталган жол картасын түзүү үчүн күрөшөм. Мен бүгүн өзүмдү жана өкмөтүмдү кызматка кайтаруу үчүн чыккан жокмун. Өлкөнүн улуу келечеги үчүн Наваз Шариф менен бириккиле!

14-августта көз карандысыздыктын 70 жылдыгын белгилеп жаткан Пакистанды 30 жылдан ашуун генералдар башкарып келди.

Ок өтпөс машинада отурган Шариф баш болгон кербен жөө, велосипед же мотоцикл миңген коштоочуларынын курчоосунда 20 километрди 12 саатта араң басып өттү. Маалыматтарга караганда, жүрүшкө 30 миңдей киши катышты. Андан тышкары колдоочулары жолдун боюна чатырларды тигип күтүп турушту.

Экс-премьер Лахордо да он миңдеген тарапкерлери аны жабыла тосуп алышат деп ишенет.

Шарифти кеңешчилери коопсуздук себептерден улам бул акцияга барбоого үндөп келишкени менен ал жүрүшкө чыгууну чечкен.

Наваз Шарифтин жүрүшү.
Наваз Шарифтин жүрүшү.

28-июлда Пакистандын Жогорку Соту премьердин үй-бүлө мүчөлөрүнө байланышкан коррупциялык жаңжалдан улам аны кызматтан четтетүү чечимин чыгарган.

2015-жылы "Панама досьеси" деген атка конгон документтер ачыкка чыгып кетип, анда өкмөт башчынын балдары офшор компанияларына ээлик кылаары, алар аркылуу Лондондо кымбат мүлк алууга акча которулуп турганы айтылган.

Андан тышкары сот Улуттук антикоррупциялык мекемеге Шарифке каршы айыптоолорду текшерип чыгууну өтүнгөн.

Экс-премьер жана жакындары дооматтарды четке кагып, мунун артында саясат турат деп ырасташууда.

Шарифтин партиясы парламентте көпчүлүктү сактап тургандыктан 1-августта анын ордуна партиялашы, үзөңгүлөшү Шахид Хакан Аббаси убактылуу шайланган.

Партиянын биримдигин кеңири калкка көргөзүү үчүн Аббаси жүрүшкө аттанып жаткан Шарифти кучактап узатты.

Өкмөт башчы кызматын үч ирет ээлеген 67 жаштагы Шариф саясий карьерасы соңуна чыга электигин айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG