Жакынкы Чыгыштын согуш жүрүп жаткан өлкөлөрүнө Борбор Азия жарандарын жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүүнү көздөгөн деген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын атайын кызматы кабарлады. Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов бул тууралуу:
- КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны чет элдик жарандарды куралдуу конфликт болуп жаткан аймактарга жөнөтүү каналдарын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында легалдашууга каршы күрөшүү боюнча контртеррористтик иш-чараларынын алкагында кармалды. Ал бир топ кылмыштарды жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө расмий издөөгө алынган, - деп билдирди.
Кармалган жаран андан ары кылмыш жообуна тартуу үчүн тиешелүү тартипте шериктештердин компетентүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгени да кабарланды.
УКМКнын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргызстандыктар саны 500дөн ашат. (RK)