Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Трамп Путинге ыраазычылык билдирди


АКШнын президенти Доналд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
АКШнын президенти Доналд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 10-августта жасаган билдирүүсүндө Орусиянын лидери Владимир Путинге анын Орусиядагы америкалык дипломаттарынын санын кескин кыскартуу боюнча чечимине ыраазычылык билдирди. Трамптын айтымында, Путин мындай кадамы менен ага чыгашаларды кыскартууга жардам берди.

- Биз чыгашаларды кыскартууга аракет кылып жаткан маалда мен ага бул кадамы үчүн ыраазчылыгымды билдиргим келет. Биз көп каражат үнөмдөп калабыз.

АКШ президентинин бул сөздөрү Орусия менен Трамптын шайлоо штабынын ортосунда болгон ыктымал жашыруун сүйлөшүүлөрдү иликтөө жүрүп жаткан маалга туш келди. Трамп өзү мындай айыптоолорду четке кагып, жакында эле иликтөөнүн алкагында анын штаб башчысынын үйү ФБР тарабынан тинтилгенде "таң калганын" билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын 755 дипломаты 1-сентябрга чейин Орусиядан чыгарыларын билдирген. Мындай кадам Америка Конгресси Орусияга карата санкцияларды күчөткөн мыйзамды жактыргандан кийин кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG