Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Президент болом дегендердин бешөө чогултулган колдорду БШКга тапшырды


Президент болуу үчүн арыз бергендердин ичинен беш киши 30 миңден ашуун кол топтоо шартын аткарып, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышты.

Алар Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна БШКдан билдиришти. Алардын ичинен азырынча, Сариевге гана "президенттикке талапкер" макамы берилген.

Чогултулган колдорду тапшыруунун акыркы мөөнөтү 25-августта аяктайт. Талапкер болуу ниетиндегилер кыргыз тилинен тест тапшырып, күрөөгө миллион сом коюшу да кажет.

БШК Текебаев камакта болгонуна байланыштуу тесттен өтүүгө уруксат бере элек. Президент болуу максатында алгач 59 киши арыз берген. Талаптарга жооп бербеген сегиз киши тизмеден чыгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG