Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Трамп Путинди тамаша иретинде алкаганы маалымдалды


АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядан 755 америкалык дипломатты чыгарып жибергени үчүн Владимир Путинге жолдогон ыраазычылыгы тамаша иретинде айтылган. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

Мурдараак Трамп Кошмо Штаттардын бюджетиндеги чыгымдарды азайтууга кошкон салымы үчүн Путинге алкыш айткан эле.

Нью-Жерси штатындагы үйүндө эмгек өргүүдө жүргөн Трамп 10-августта журналисттер менен жолугуп, Москвадагы элчиликте иштеген 755 кызматкердин кыскартылганына байланыштуу да жооп берген:

- Мен ага рахмат айтам. Анткени биз айлык акыларды кыскартууга далалаттанып жатпайбызбы. Ал абдан көп адамдарды кетирип жатканына абдан ыраазымын. Эми айлык чыгымы азаят. Аларды кайра кайтарганга реалдуу себеп жок. Биз көп акчаны үнөмдөп калабыз,- деген Трамп.

Июлда АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага жооп иретинде Путин Москвадагы жүздөгөн америкалык дипломаттарды кыскартарын айткан.

XS
SM
MD
LG