Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин кароо белгисиз мөөнөткө жылды.
Бул тууралуу Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, жараянды которуу чечими судья Айбек Эрнис уулу камактагы дагы бир депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин териштирип жатканына байланыштуу.
28-июлда Текебаев-Чотоновдун сотунда жадыбалга өзгөртүү киргизилип, иш дүйшөмбүдөн тарта карала турган болгон. Ага чейин сот ар аптанын шейшемби, шаршемби жана бейшембиде өтүп, судья бул күндөрдөн башка убакта Шыкмаматовдун ишин да териштирип келген.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш ачкан.
Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.
Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп сыпаттап келет. (NT)