Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Секелекти зордуктоого аракеттенди деген адамды актаган чечим жокко чыгарылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Сот Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматованын доо арызын 14-августта карады. Анын секелек кызын зордуктоого аракеттенди деген адамды актоо тууралуу Ош шаардык жана облустук соттун чечимдерин жокко чыгарды.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Айсалкын Карабаеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Жогорку Сот бул ишти кайра кароо үчүн Ош шаардык сотуна жиберди. Эми ишти башка соттук коллегия териштирип чыгышы керек.

Насиба Нурматова 2016-жылы июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин, шектүү Ноокат районунун мурунку акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни болгондуктан акыйкаттыка жете албаганын, анын туугандары тынымсыз кодулагандыктан, төрт баласы менен Бишкекке жер которууга мажбур болгонун айтып келет. Окуяга шектелген адамдын жакындары болсо секелек зордуктоо аракетине кабылды деп айтылгандарды четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып жатышат.

Быйыл апрелде Ош шаардык соту "кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады" деген жүйө менен шектүүнү актаган. Жабырлануучу тарап өкүмдүн үстүнөн Ош облустук сотуна кайрылган. 2-июнда облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Нурматова буга макул болбой Жогорку Сотко даттанган.

Сот жүрүмү ызы-чуу менен коштолуп, быйыл майда Ноокат райондук сотунун чечими менен шектүү адамдын энеси жана эки бир тууганы адвокат менен жабырлануучуга кол көтөрдү деген негизде бир жылдан шарттуу түрдө кесилген. (NT)

XS
SM
MD
LG