Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекованын жарыш сөзү аяктады. Ал Текебаев жана Чотоновго кылмыш иши ушактардын негизинде козголду деп айтып, соттон аларды толук актоону сурады. Андан кийин дагы бир адвокат Канат Хасанов сүйлөдү.
- Текебаевдин кылмыш иши саясий шоу. Аны саясаттан жок кылуу максатында козголду. Кылмыш иши жарыктын ылдамдыгындай тез ачылды. Атамбаев муну кадимки кылмыш иши деди. Бирок бул саясий буйрук. Текебаевге козголгон кылмыш ишинин төркүнү Конституцияга барып такалат. Анткени ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы туруп, Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн, - деген Канат Хасанов УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизгейтти" далилдей албагандыктан бул кылмыш ишин ачты деп билдирди.
"Белизгейт" менен "атамекенчилерди" негизсиз каралаганы үчүн Сегизбаевди кызматтан алып, кылмыш ишин козгоо керектигин, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду да жалган маалымат таратып жатат деген негизде жоопко тартуу зарылдыгын айтты. Текебаев башынан эле "Мегакомду" 100% улутташтырууга кызыкдар болуп келгенин кошумчалады.
26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT/UEz)