Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Zanoza.kg боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калды


Бишкек шаардык соту бүгүн Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү "ПроМедиа" фондунун Октябрь райондук сотунун чечими боюнча доо арызын карады. Бишкектин Октябрь райондук сотунун буга чейинки чечимдери өзгөртүүсүз калганын аталган сайтты негиздөөчүлөрдүн бири, журналист Нарын Айып "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Доо арызды үч адамдан турган соттук коллегия карады. Прокурорлор, мен жана биздин адвокаттар сүйлөдүк. Соттор баарын укту. Биз эки макала боюнча экспертизаны бердик. Биринде быйыл 1-мартта Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин парламентке башкы прокурор менен УКМК жетекчиси чакырылганы жазылган. Экинчиси 3-мартта чыккан, Кыргызстан марионетка болуп баратат деген аналитикалык макалам болчу. Бир да жеринде президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталбайт. Бирок соттор "президенттин намысына шек келтирилген" деп бизди доого жыкты. Эки макаланын автору катары 3 миллион сомду менден, "Промедиа" фондунан 3 миллион сом өндүрүлмөй болду. Жалпы 6 миллион доого жыгылдык. Бүгүн шаардык сот райондук соттун чечимин бекитти. Шаардык сот чечимди бекиткенде күчүнө кирет, аткарылыш керек. Биздин да Жогорку Сотко кайрылууга укугубуз бар. Бирок ага чейин булар чечимди аткара берет.

Быйыл мартта Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген.

Иштер Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралып, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

1-августтан тарта Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG