Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:21

Арипов: Өзбек тарапты сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы толук канааттандырат


Кыргыз-өзбек чек арасы. Баткен. (Архив).

Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 16-августта чек араларды делимитация жана демаркация боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиясынын сегизинчи отурумунан кийинки маалымат жыйында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты жазды.

Арипов президент Алмазбек Атамбаев менен ачык жана ишенимдүү сүйлөшүү өткөнүн, өзбек тарапты биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы толук канаттандырарын белгиледи.

Ошондой эле Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев коңшу мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, анын ичинен Кыргызстанга өзгөчө приоритеттүү багыт катары көңүл бурарын кошумчалады. Кыргызстан менен эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен кызматташууга кызыкдар экенин маалымдады. Өзбек премьеринин айтымында, кыргыз-өзбек мамилесинде өзөктүү негизги маселелер талкууланып, келечекте бул алакаларды бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр болду.

Абдулла Арипов баштаган Өзбекстандын делегациясы Бишкекке бир күндүк иш сапар менен 16-августта келген. Анын жыйынтыгында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1170 чакырым такталган чек араны бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Аталган документке жакында президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында кол коюлары айтылды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG