Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Кытай түрмөлөрүндө 18 кыргыз жараны кармалып турат


Кытайдын Үрүмчү шаары.
Кытайдын Үрүмчү шаары.

Кытай абактарында 18 кыргызстандык жаран жазасын өтөп жатат. Алардын көбү маңзат аткезчилиги үчүн соттолгондор. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, булардан тышкары Кытайда дагы үч жаран убактылуу камакка алынган. Алардын үстүнөн тергөө уланып жатат.

Тышкы иштер министрлиги кошумчалагандай, Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги соттолгон жарандардын абалынан кабар алып турат. Шектүү деп кармалгандарга козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө байкоо салат.

Кытайда маңзат аткезчилиги оор кылмыштардын катарына кирет. Быйыл Кытайда жаза өтөп жаткан эки жаран Кыргызстанга которулган.

Акыркы жолу Кытайда камалган кыргызстандык жарандын өлүм жазасына тартылганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде маңзат менен кармалып, алты жыл бою абакта жаткан кыргызстандык жаран, 51 жаштагы Светлана Кулбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында өлүм жазасына тартылган. (NT)

XS
SM
MD
LG