Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Текебаев-Чотонов: Коомдук ишмерлер жана саясатчылар сот өкүмү боюнча кайрылуу жолдошту


"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотоновдун соту маалындагы коомдук талаптар. 15.8.17.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотоновдун соту маалындагы коомдук талаптар. 15.8.17.

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган сот өкүмүнө байланыштуу коомчулукка, укук коргоо органдарына жана бийликке ачык кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кайрылууга экс-президент Роза Отунбаева, саясатчылар Эмилбек Каптагаев, Бөдөш Мамырова, Феликс Кулов, Асия Сасыкбаева, Сабыр Муканбетов ж.б., депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Аида Салянова, Сайдулла Нышанов жана башкалар кол коюшкан.

Анда "Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн болгон сотто мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө жана калыстыкка таянган акыйкат соттук териштирүү болот деген үмүтүбүз үзүлдү, чындык дагы бир жолу сынды. Судья Айбек Эрнис уулу тарабынан мыйзамдык укук ченемдер, кызмат этикасы гана эмес, жөнөкөй гана адамкерчилик эрежелери да сакталбай, өзүм билемдикке кеңири жол берилип жатканына коомчулук күбө болду", - деп жазылган.

Ошондой эле сот өкүмү саясий буюртманын негизинде чыгарылган деп айтылып, аны жокко чыгаруу, Текебаев менен Чотоновду толук актоо талап кылынган:

- Айыптар тастыкталбагандан кийин булардын баарын жокко чыгарсын, Чотонов менен Текебаевди актасын деген талап коюп жатабыз. Саясатчылар жана коомдук ишмерлердин кайрылуусу ушул маселе боюнча биригүүнүн далили, - деди Асия Сасыкбаева.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев менен Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген өтүнүчү да канааттандырылды. Айыпталуучулардын адвокаттары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко кайрылышарын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG