Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Жалал-Абад: 500гө чукул адам диний-экстремисттик уюмдарга мүчө


Сирияга барып, ИМдин катарына кошулган кыргыз жигит.
Сирияга барып, ИМдин катарына кошулган кыргыз жигит.

Жалал-Абад шаарында аялдардын радикалдашуусунун алдын алуу маселеси талкууланды. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Эне - тынчтыктын жарчысы" деп аталган талкууга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактык тескөөчүлөрү, активист аялдар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты. Төрт күн бою жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында террорчулуктун алдын алууда биргелешип күрөшүү чечими кабыл алынды.

Милициянын билдиришинче, Жалал-Абад облусунда 500гө чукул адам диний экстремисттик уюмуна мүчө катары каттоодо турат. Алардын 40 пайызга жакыны аялдар жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун тургундары.

Быйыл жыл башынан бери диний экстремизмге байланыштуу 30дан ашык кылмыш иши козголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG