Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

"Ата Мекендин" юристтери боюнча сот чечими күчүндө калды


Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

Бишкек шаардык соту бүгүн "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын апелляциялык арызын карады. Жыйынтыгында Октябрь райондук сотунун эки юристтен президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына 10 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз "Азаттык" радиосуна ырастады:

- Соттун Zanoza боюнча буга чейинки чечимдерин көрүп туруп биз каршылык иретинде жараянга барган жокпуз. Сот биздин катышуубуз жок эле чечим чыгарды. Райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды, - деди Канатбек Азиз.

Бишкек шаардык сотунун өкүмү бүгүндөн тарта күчүнө кирди. "Ата Мекен" партиясынын юристтери чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттанууга укуктуу.

Башкы прокуратура Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин быйыл 1-мартта Бишкекте маалымат жыйында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет деген доо арыз менен сотко кайрылган. Алардан моралдык зыян үчүн 10 миллион сом талап кылган. 4-июлда ишти караган Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы көзөмөл органынын эки юристке карата доо арызын канааттандырып, 10 миллион сомдук айыпка жыккан. Алар буга макул болбой шаардык сотко кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG