Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:00

Cадыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту 25-августка жылды


Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин УКМК алдындагы нааразылык акциясы. 25-март, 2017-жыл.

"Мекенчил" партиясынын лидери, экс-депутат жана оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту 25-августка жылды. Мындай чечимди бүгүн ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кабыл алды. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Шарабидин Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кийинки сот жараянында тараптардын жарыш сөзү башталат:

- Бир адвокат кошулуп, ал дагы жарыш сөзгө чейин материалдар менен таанышып, даярданганга мөөнөт сурады. Жарыш сөзгө даярданууга жана ишке жаңы адвокаттын кошулганы себептүү сот убакыт берди. Жараян 25-августка саат 14.00гө белгиленди, - деди Токтосунов.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG