Бүгүн Кыргызстандын аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 01:51де жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районунун Ор-Казган, Канжыга, Ак-Терек, Тосой, Жийде айылдарында 4,5 балл, Салам-Алик, Зергер, Ничке-Сай айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок. (RK)