Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Сооронбай Жээнбеков: Биз элге жакын өкмөт боло алдык


Өкмөт жыйыны. Бишкек. 21.08.2017.
Өкмөт жыйыны. Бишкек. 21.08.2017.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри катары бүгүн акыркы жолу өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Ал өкмөт башчылык кызматын өткөрүп берип жатканын айтып, соңку жыл ичиндеги жетишкендиктерге токтолду. Өлкөнүн ички дүң өнүмү алты пайыздан жогору өскөнүн айтты жана элге жакын иштегенин белгиледи:

- Биз элге жакын өкмөт боло алдык. Муну ачык айтып койсок болот. Өкмөттүн жетишкендиктери - эл талап кылган иштердин жыйынтыгы болду.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн БШКда президенттикке талапкер болуп катталды. Ал 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган.

Жээнбеков премьер-министрликке былтыр 13-апрелде келген. Ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазууну чечкенин, бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугаарын айтты.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Бийликтеги КСДПнын атынан президенттикке талапкер болуп чыгып жаткан Сооронбай Жээнбековдун татыктуу атаандаштары бар экендиги айтылып келет. Дээрлик 50дөй киши президенттикке талапкер катары расмий катталууга ниеттенүүдө.

Ал эми президенттикке талапкерлик ниетин билдирген дагы бир оппозициячыл саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев убактылуу абакта кармалууда. Аны жана партиялашы, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара алгандык доосу боюнча үй-мүлкүнөн ажыратуу менен 8 жылдык абакка кескен. Алар өздөрүнүн актыгын билдирип, бул чечимди саясий куугунтук катары баалашууда.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев үчүн топтолгон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарган. Бул чечимди анын жактоочулары мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG