Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Текебаевдин кол тамгаларына байланыштуу маселе сотто каралат


Бүгүн Бишкек райондук аралык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин арызын карайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна партиянын юристи Канатбек Азиз билдирди.

Партиянын өкүлдөрү БШК чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, 19-августта Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта Өмүрбек Текебаев топтогон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарган. Мындай чечимдин кабыл алынышына топтолгон 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгону айтылган.

Депутат Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чыры боюнча айыпталып, быйыл 25-февралда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Текебаев президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын тапшырган.

16-август күнү Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду айыптуу деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Текебаев болсо өзүнүн жана партиялашы Чотоновдун соттолушун бийликтин саясий куугунтугу деп эсептеп, өздөрүнүн ак экендигин баса айтып келет.

Президенттикке талапкер катары расмий катталууга ниеттенген Текебаев 17-август күнү мамлекеттик тил сынагын убактылуу абакта тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG