Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Чаткалда өрттөн жабыркагандарга кышка чейин үй курулат


Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында өрт кырсыгынан улам турак жайсыз калган барак тибиндеги жатаканада жашап келген сегиз үй-бүлөгө кышка чейин үй салынып берилет. Мындай маалымат кечээ өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү үйсүз калган жашоочулардан кабар алган учурда белгилүү болду.

- Биз, жергиликтүү бийлик болгон күчүбүздү жумшап, сиздерге жардам берип жатабыз. ӨКМ тарабынан чатыр тигилди, бүгүн электр жарыгы да берилет. Күнүмдүк азык-түлүктөрдү, жууркан-төшөктөрдү бердик. Эми жер тилкеси караштырылып жатат. Мекеме-ишканалар бир күндүк эмгек акысын которушту, бул да болсо сиздерге колдоо болот. Кышка чейин сиздерди үйгө киргизип калууга болгон күч-аракет жумшалат.

Турак жай курууну аймактагы жеке ишкерлер, кен иштеткен компаниялар колго алууда.

17-августтан 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында Терек-Сай айылынын Эшалы болуш атындагы көчөдө жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан өрт чыгып, сегиз үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. 20 бөлмөлү жатакананын жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Анда жашаган 29 адам сыртка чыгууга үлгүргөн, жабыркагандар болгон эмес. (RsK)

XS
SM
MD
LG