Бүгүн Бишкекте ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын башталат. Иш-чараны “Ак илбирстин мекени – улуу тоолор” түзүмү уюштурууда. Ага Монголия, Орусиянын Алтай, Бурят Республикаларынын жана Тажикстан, Кыргызстандын өкүлдөрү кирет.
Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча I Эл аралык форум 2013-жылы өткөн. Ага илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген.
Форумда жок болуп бараткан илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып, соңунда декларация кабыл алынган.
Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин куу илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстанда.
Адистердин айтымында, илбирстердин так эсебин чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү. Буга чейин ак илбирске аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, эми жаңы мыйзам долбоору боюнча анын көлөмү бир жарым миллион сомго көтөрүлөт. (KЕ)