Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

"Республика Ата-Журт" Сапар Исаков баштаган өкмөткө каршы эмес


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика Ата-Журт" фракциясы Сапар Исаков баштаган өкмөттүн дайындалышына каршы эмес.

Бул тууралуу фракция башчысы Өмүрбек Бабанов билдирди.

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз сессияга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын талкуулап жатат.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кеткенине байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн. Сапар Исаков буга чейин президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп келди.

Оппозициялык азчылыкка "Республика Ата-Журттан" тышкары "Ата Мекен" жана "Өнүгүү Прогресс" кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG