Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:27

Президент Исаковду премьерликке дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду премьер-министр кызматына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү тараткан кабарда Атамбаев Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык бүгүн 26-августта Сапар Исаковду мурда ээлеген кызматынан бошотуп, өкмөт башчы кылып бекиткени айтылат.

25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында депутаттар көпчүлүк добуш менен өкмөттүн жаңы курамын жактырган.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбековду КСДП партиясы президенттик шайлоого талапкер кылып аттандырып, өкмөттүн мурунку курамы отставкага кеткен.

Сапар Исаков ушул кезге чейин президенттик аппаратты жетектеп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG