Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын контролдук беттеши 5:0 эсебинде өзбек футболчуларынын пайдасына аяктады.
Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн 25-августта Ташкент шаарындагы Бунёдкор стадионунда өттү. Бул беттеш жабык болгондуктан, күйөрмандар киргизилген жок.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн пайдалуу болду деп билдирди:
- Эми биз ар бир футболчу боюнча жыйынтык чыгара алабыз. Мьянма курама командасы менен оюнга ким даярдык көрө турганы бизге түшүнүктүү болуп калды. Голдордун киришине командалык эмес, жеке каталар себеп болду. Жалпысынан оюнга канааттандык. Тактап айтканда, оюн жыйынтыгына эмес, бир катар учурларга. Эң негизгиси, биз оюнчулар тууралуу маалымат алуу тапшырмасын койгонбуз жана бүгүнкү күндө бизге түшүнүктүү. Өлкө ичиндеги чемпионат менен эл аралык деңгээл эки башка. Оюнчулар көбүрөөк ойногонго убакыт алышты. Эми жыйынтык чыгарабыз.
2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында Өзбекстан 31-августта Кытай, 5-сентябрда Түштүк Корея менен ойнойт. Ал эми Кыргызстан 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Мьянма курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада болот. (ECh)