Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Футбол: Ташкенттеги таймаш жабык өтөт


Кыргызстандын улуттук курамы Өзбекстанда машыгууда
Кыргызстандын улуттук курамы Өзбекстанда машыгууда

25-августта Ташкентте футбол боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук курама командарынын беттеши көрүүчүлөрсүз жабык өтөрү маалымдалды.

35 миң адамды батырган Ташкенттеги “Бунёдкор” стадионунда боло турчу Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол таймашына бир да адам киргизилбей турган болду. Ал тургай футбол сүйүүчүлөрү бул оюнду телекөрсөтүү аркылуу көрө албайт.

Мындай чечим эки өлкөнүн машыктыруучулары тарабынан сунушталып колдоого алынганын Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова “Азаттыкка” айтты.

- Бул матчта жаңы тактикалар текшерүүдөн өткөрүлүп, оюнчулардын алмашуусуна чектөө коюлган жок. Ошондуктан машыктыруучулар өздөрүнүн талаадагы тактикаларын башка атаандаштарына көрсөтүүнү каалабады. Бул жерде бир гана футбол маселеси ортодо турат, эч кандай саясат жок. Жабык оюн өткөрүү эл аралык тажрыйбада көп эле кездешет, биз дагы ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаландык.

"Бунёдкор" стадиону
"Бунёдкор" стадиону

Күйөрмандар чек арадан өтө албады

Футбол беттешинин жабык өткөрүү тууралуу чукул чечим Кыргызстандын күйөрмандарын капалантпай койгон жок. Бирок алар маселенин түпкү өзөгү башкада экенин айтышууда. Анткени 23-августта Кыргызстандын улуттук курамына жан тартканы бараткан отуз чакты күйөрманды Өзбекстандын чек арачылары “Достук” чек ара бекетинен өткөрбөй, өлкөдө эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөп атканы менен түшүндүргөн. Сөз ошол күйөрмандардын бири Абдимитал Колдошевде:

- Биз бир ай мурун эле өзбек элчилигине паспорттун көчүрмөлөрүн берип, үч күн мурда расмий уруксат берилип, тизмеге киргенбиз. Ошонун негизинде бүгүн чек арага бардык. Бирок Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы “кирбейсиңер” деп айтты. Биз сурасак бир жумадан кийин эгемендүүлүк майрамы белгиленет экен, ошого карата өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамалары эгемендүүлүк алгандан бери болгону беш жолу беттешкен. Өлкөдөгү саясий кырдаал акыркы жылдары футбол таймашына жолто болуп, жолдоштук оюндар узак убакыттан бери өтө элек болчу.

Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси Амангелди Муралиев, Өзбекстанга жаңы бийлик келгенден бери кыргыз-өзбек алакасы оң жакка жылганын белгилеп, эки элдин достугун бекемдөөгө футбол оюну да чоң салым кошмок дейт.

Амангелди Муралиев
Амангелди Муралиев

- Жабык оюн өткөрүү машыктыруучулар тарабынан чечилбейт. Бул Футбол федерациясы чече турчу маселелерге кирет, бирок машыктыруучулар сунуш бериши мүмкүн. Кантсе да көрүүчүлөрсүз баары бир оюн болбойт. Элдин кыйкырык-сүрөөнү командага дух берип, моралдык-психологиялык даярдыгын бекемдейт. Анын үстүнө эки элдин достугунун бекемдешине маданий-спорттук иш-чараларынын мааниси дайыма зор болот.

Тактикалар сыр бойдон калсын

Футбол күйөрманы Кубаныч Ураимовдун айтуусунда, Өзбекстан-Кыргызстан футбол оюнун жабык өткөрүүгө биринчи кезекте өзбек тарап кызыкдар. Коңшу өлкөнүн футболчуларынын 2018-жылы Орусияда өтчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга жооптуу эки оюну калды. Анын бири Кытай болсо, экинчиси Түштүк Корея өлкөсү. Андыктан өзбек футболчулары өзүнүн тактикалык схемаларын атаандаштарга көрсөтпөй, Кыргызстан менен даярдык иретинде ойноп жатат, - дейт Ураимов.

- Бул оюн Кыргызстанга да, Өзбекстанга да пайдалуу. Өзбекстан эң маанилүү эки оюндун алдында өзүнүн командасына атаандаш керек болгондуктан биз менен жолдоштук беттеш өткөрүп жатат. Өз кезегинде Кыргызстан жакында Мьянма менен ойнойт. Бизге дагы тажрыйба керек. Эки машыктыруучу тең өзүнүн тактикалык схемаларын атаандаштарына көрсөткүсү келген жок, ошондуктан жабык өткөрүүнү чечишти деп ойлойм.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамы
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамы

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) август айындагы рейтингинде Өзбекстан 64-орунга жайгашса, Кыргызстан 128-сапта турат. Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамы Өзбекстан менен беш жолу оюн өткөрүп, бир да жолу уткан эмес.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында Өзбекстан 31-августта Кытай, 5-сентябрда Түштүк Корея менен ойнойт. Ал эми Кыргызстан 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Мьянма курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG