Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

HRW Орусиядагы стадион куруучуларына кабатыр


"Лужники" стадиону.
"Лужники" стадиону.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму Орусияда стадион куруучуларынын укуктары бузулуп жатканын билдирди.

Уюм жумушчуларга эмгек акылары төлөнбөгөн, алар кооптуу шарттарда иштешкен, бул маселелерди козгогондор куугунтукталган учурлар орун алганын маалымдоодо.

"Хьюман Райтс Уотч" өз баяндамасын 14-июнда жарыялады. Ал “Кызыл карточка. Орусияда 2018-жылкы дүйнө чемпионатынын курулуштарындагы жумушчуларды эксплуатациялоо” деп аталат.

Укук коргоочулар алты стадионду иликтешкен. Анда Дүйнө Кубогу өтүүчү стадиондорду куруп жатканда алган жараатынан кеминде 17 киши каза болгону белгиленет.

Мындан тышкары айлык акы төлөнбөгөнү, төлөнсө да толук берилбегени же айлап кечиктирилгени, курулушчулар минус 25 градус суукта тиешелүү коргоо чаралары жок иштетилгени, эмгек келишимдери түзүлбөгөнү мисалга тартылган. Буга байланыштуу иш таштоолор болгону да эске алынган.

“Жумушчулар эксплуатацияланып жана түрдүү зомбулукка кабылып жатат. ФИФА мындай жагдайларды көзөмөлдөп, алдын алып жана абалды оңдой аларын көргөзө элек”, - дейт уюмдун директору Жэйн Бьюкенен.

Уюм өкүлдөрү курулуштарда иштеген орусиялык жана борборазиялык, беларустук жана украиналык эмгек мигранттары менен сүйлөшүп чыгышкан. Жумуш берүүчүлөрдөн коркушкандыктан жумушчулардан комментарий алуу кыйынга турганын, иликтөөчүсүнүн артынан аңдуулар болуп, маселен Волгоградда полиция кармап кеткенин кошумчалайт уюм.

"Биздин иликтөөчүнү ыктымал аңдуусу жана кармашы, ошондой эле жумушчуларга эреже бузуулар тууралуу айтууга тыюу салуусу 2018-жылкы дүйнө чемпионатына арналган объектилерде жашыра турган нерселер бар экенинен кабар берет", деп кошумчалайт Бьюкенен.

Дагы бир кызык жагдай, эл аралык маалымат каражаттарына Санкт-Петербургдагы стадиондо түндүккореялык жумушчулар иштешкени, аларды тапкан акчасын Түндүк Корея өкмөтүнө которууга мажбурлашканы тууралуу ишенимдүү маалымат чыгып кеткен дейт уюм.

Эл аралык футбол федерациясы бул маалыматты четке какты. Бирок "айрым эмгек стандарттары сакталган эмес" деген жүйөлөрдү моюнга алды. Ошентсе да "өз аймагындагы адам укуктарынын, эмгек укуктарынын корголушуна акыр аягы орус бийлиги жоопкер" деп сөз кайтарды.

Орусия президенти Владимир Путин менен ФИФАнын президенти Жанни Инфантино "Краснодар" стадионунда. Краснодар шаары, Орусия, 23-май, 2017-жыл
Орусия президенти Владимир Путин менен ФИФАнын президенти Жанни Инфантино "Краснодар" стадионунда. Краснодар шаары, Орусия, 23-май, 2017-жыл

HRW болсо ФИФА орус бийлиги менен чогуу курулуштагы эмгек шарттарына байланыштуу ондогон текшерүүлөр жүргөнүн билдиргени менен кандай эреже бузуулар катталганы, аларды жоюу боюнча кандай чаралар көрүлгөнү, жумушчулар үчүн жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат бере элек деп, аларды жарыялоого чакырды.

Азырынча орус бийлиги отчетко комментарий бере элек.

"Азаттык" стадион курулушунда иштеген кыргызстандыктар айлыгын алалбай жатканын буга чейин жазып чыккан.

Дүйнөлүк футбол чемпионаты 2018-жылдын июнь-июль айларында өтөт. Ал үчүн Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казан жана Сочи баштаган 11 шаарында 12 стадион салынууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG