Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Астанада көкпар боюнча финалдык оюндар өтүп жатат  


Казакстандын башкалаасы Астана шаарында көкбөрүнүн казакча түрү көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунун финалдык оюндары башталды. Оюндарга он бир мамлекеттин 200дөн ашуун оюнчусу катышууда. Бүгүн Кытай менен Тажикстандын командалары үчүнчү орун үчүн беттешип, 2:1 эсебинде тажик командасы утту.

Азыр Кыргызстан менен Казакстандын улуттук курама командалары алтын үчүн күч сынашып жатышат.

25-августта көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда тайпалык тандоо оюндарынын акыркы 5-турундагы таймаштар аяктаган.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү АКШ командасы менен ойноп, 11:6 эсебинде жеңишке жеткен. Тажик курамасы монголдорду 10:9 эсебинде уткан.

Жума күнү Өзбекстан – Түркия 14:3 эсебинде, Кытай – Ооганстан 4:2 эсебинде, Орусия – Азербайжан 3:0 эсебинде, Казакстан – Венгрия (Мажарстан) курамалары болсо, 12:3 эсебинде таймаштарын аякташкан.

Жалпысынан, Кыргызстандын курама командасы тайпалык оюндарда беш жолу жеңишти камсыздап, турнирдик таблицада А тобунда көч башы ордун ишенимдүү ээлеп турат. Ага чейин Кыргызстандын оюнчулары Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 эсебинде жеңип алган болчу.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы интернет сайтта финалдык оюндарды түз алып көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG